Шакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо
Окуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
12.09.2026 | 12:30

Бишкектин мектептеринде жаңы 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Буга байланыштуу мэриянын Билим берүү департаменти окуучулардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.
Окуунун алгачкы күнүндө борбор калаанын мектептеринде Билим күнүнө арналган иш-чаралар, ошондой эле тарбиялык класстык сааттар өткөрүлөт.
Ата-энелерден балдарына коопсуздук жана жүрүм-турум эрежелерин алдын ала эскертүү, алардын мектепке өз убагында келишин камсыздоо жана майрамдык салтанат учурунда өздөрүн кандай сезип жатканына көз салуу өтүнүлөт.
Департаменттен баланын мектепке баруусунда жана сабак бүткөндөн кийин кайтуусунда аны коштоп жүрүү жоопкерчилиги ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөргө жүктөлөрүн баса белгилешти.
Ошондой эле аларга класс жетекчиси менен туруктуу байланышта болуу жана мектеп тарабынан берилген маалыматтар менен өз убагында таанышып туруу сунушталат.
Билим берүү департаменти ата-энелер менен мугалимдерди окуу жылынын коопсуз жана уюшкандыкта башталышын биргеликте камсыз кылууга чакырды.