Ош: Абакта жасалма акча жасаган жаран колго түштү

Ош: Абакта жасалма акча жасаган жаран колго түштү

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаранын негизинде 2022-жылдын 25-октябрында кечки саат жетилер чамасында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн А.З., аттуу жаран 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.З аттуу жаран акчанын жасалма экендигин билген эмесмин, мага ушул даректен акча алып кетүүгө келгенмин, кызмат акымды төлөп беришмек,-деп билдирген.

 

Тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка түздөн түз тиешеси бара каркчылык менен соттолуп абакта олтурган Т.Д.нын тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери менен биргеликте бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантууда. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык 4 миң 800 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат жасалма экени аныкталган.

Учурда тергөө иш чаралар жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>