Баткенде Тажикстандын жараны кармалды

Баткенде Тажикстандын жараны кармалды

Баткендин Лейлек районунда чек араны мыйзамсыз бузуп кирип, жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын жараны Toyota Avensis Verso унаасы менен чек араны бузуп кирип, Борбордук айылынан 700 кг койдун этин аткезчилик жол менен чыгарып баратканда кармалган. Ал Тажикстандын Согди облусунун Хужант шаарынын 30 жаштагы Н.Ф. аттуу тургуну болот.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш ишинин караштуулугу боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Тажикстандын жараны убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, унаасы айып короосуна токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>