Быйыл жарым жылда 539 айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен

Быйыл жарым жылда 539 айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы аймактык ички иштер органдары менен бирге «Унаа издөө» ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-июлда башталган иш-чаранын максаты унаа каражаттарын уурдоого, күбөсү жок болгон жол кырсыктарынын, андан тышкары башка мыйзамга каршы аракеттердин бетин ачууга байланышкан кылмыштарды аныктоо болуп саналат. Ага байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан унаа базарлары, техникалык тейлөө станциялары жана посттордогу унаалар текшерилүүдө.

«2023-жылдын алты айында унаа каражаттарын айдап качууга байланышкан 123 кылмыш катталган. Айрым фактылары аныкталбай калып жатат. Ошондой эле, быйыл жарым жылда жол кырсыктарын жасагандан кийин 539 айдоочу изин жашырып кеткен. Алардын ичинен 12 учуру адам өлүмү менен коштолсо, 580 адам денесинен ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Азыркы учурда бети ачылбаган фактылар бар», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилешкендей, аталган сандар айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен, кайдыгерлигинен, айдоо маданиятынын жоктугунан кабар берет.

«Изин жашырып кеткен кылмышкерлер сөзсүз аныкталып, мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат», — деп билдирет министрлик.

Чүйдө унаа айдап качкан делип үч жаш бала кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ рейд

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>