Балыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлдуИшкер аялдарды каржылоону ишке ашыруу үчүн Улуттук хартияга кол коюлдуКыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталуудаКыргызстан Түркиянын TİKA уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөтКРВИ жана эмдөө: Кыргызстандагы кырдаал тууралуу Мамэпидкөзөмөл департаментинен айтып бериштиОштогу бажылык тариздөө жайынан курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды
Баткенде дааратканага түшүп кеткен бала куткарылды (видео)
04.09.2024 | 21:28
Баткендин Айдаркен шаарында дааратканага түшүп кеткен 5 жаштагы бала аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМдин маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 4-сентябрда кечке жуук болгон.
Куткаруу иштерине 3 кызматкер тартылган. Алардын бири – улук лейтенант А. Сүйүнов ажатканага түшүп, наристени алып чыккан.
Баланы дарыгерлер текшерген. Анын абалы жакшы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом