Баткенде экстремисттик уюмга үгүттөп жүргөн аял кармалды

Баткенде экстремисттик уюмга үгүттөп жүргөн аял кармалды

Баткен облусунда социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында социалдык тармактарда диний-экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн аял кармалды.

Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы С.К. аттуу тургуну Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” — Ирак, Шам ислам мамлекети (ИГИЛ) диний-экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Жогорудагы аталган диний уюмдар Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылы террордук жана экстремистик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Бул факты Баткен ОИИБдин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИГИЛ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>