Бишкекте Эркиндик бульварында «Жеңиш бульвары» аттуу концерт өтөт

06.05.2026 | 10:00

9-майда Эркиндик бульвары «Жеңиш бульварына» айланат. Бишкектеги Орус үйү билдиргендей, «Өлбөс полк» жүрүшү аяктагандан кийин, саат 12:00дөн баштап Орус үйүнүн жанында концерттик программа башталат.

Уюштуруучулардын айтымында, сахнада бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору үчүн Орус үйүнүн «Мелодия» балдар музыкалык студиясынын тарбиялануучулары жана апалар хору, шаардагы балдардын чыгармачылык жамааттары: Шералиев атындагы №6 балдар искусство мектебинин хору, Жайыл районунун балдар музыкалык мектебинин окуучулары, «Alla Breve» вокалдык студиясы, «KG TAY» вокалдык тобу, «Наставник» вокалдык мектеби жана «Таберик» театры өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Ошондой эле катышуучулардын арасында «Сувенир» орус ырлар ансамбли, «Орто Азия Романсиадасынын» жылдыздары жана «Белая птица» («Ак куш») адабий-музыкалык клубу бар.

Көрүүчүлөр Игорь Воронцов, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Николай Ковалев, Санжарбек уулу Бактурган жана Кубанычбек Атамбаевдин аткаруусундагы ырлардан ырахат ала алышат.

«Мындан тышкары, каалоочулардын баары бульварда май вальсын бийлей алышат. Келиңиздер, иш-чара кызыктуу, жагымдуу, таасирдүү жана чыныгы музыкалык маанайда өтөт», — деп уюштуруучулар бишкектиктерди жана борбордун конокторун чакырышат.

Scroll to Top