Садыр Жапаров Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Достук стеласы менен таанышты
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жердеги Достук стеласы, ошондой эле «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2025-жылдын 31-мартында үч өлкөнүн президенттери чек ара маселелерин жөнгө салуунун жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн символуна айланган символикалык стеланын ачылыш аземине онлайн форматта катышкан.




Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, визиттин жүрүшүндө Президентке үч мамлекеттин чектеш аймагында курула турган «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын башкы планы тааныштырылды.

Концепцияга ылайык, 100 гектар аянтты ээлеген комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарын камтышы мүмкүн. Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Долбоорду ишке ашыруу 5 миңден ашык жумуш ордун түзүүгө, ошондой эле чек ара соодасынын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.

Мындан тышкары, концепцияда маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасын илгерилетүү максатында туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык маданий иш-чараларды, этнофестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү каралган.
Жапаров Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен инфраструктуралык жана экономикалык демилгелердин аймактын туруктуулугу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.

Анын айтымында, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үч өлкөнүн тыгыз өз ара аракеттенүүсү менен гана мүмкүн болот.
Президент «Достук» паркы соода жана инвестиция үчүн ири аянтча, ошондой эле Борбор Азиядагы тынчтыктын жана ишенимдин символу боло аларына ишеним билдирди.