Америкалык рэпер Flo Rida Москвадагы концертинде ак калпак кийгизишти

06.05.2026 | 09:30

Белгилүү америкалык рэпер Flo Rida 3-майда Москвадагы «ЦСКА Аренада» өткөн концерти учурунда кыргыздын улуттук баш кийими — ак калпак кийгизишти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Рэп жылдызы өзүнүн Good Feeling, Whistle, Right Round, Club Can’t Handle Me сыяктуу белгилүү хиттерин аткарып жатып, залдагы элди чогуу ырдап-бийлөө үчүн сахнага чакырган. Күйөрмандардын бири Фло Райдага кыргыздын улуттук баш кийими — ак калпакты кийгизген.

Ошондой эле, I Don’t Like It, I Love It ырын аткарар алдында артист күтүүсүздөн сахнадан Россиянын борборуна болгон сүйүүсүн билдирген.

«Сен мага жөн эле жакпайсың, мен сени жакшы көрөм, Москва!» — деп билдирген Flo Rida. Ал келген угуучуларды өзүнүн үй-бүлөсү деп атаган. «Бүгүн кечинде бул жерде болгонума бактылуумун. Бул жөн гана чыгып сүйлөө же шоу эмес, Москва, бул — кече», — деп кошумчалаган музыкант.

Эске салсак, америкалык рэпер Flo Rida (Трэмар Диллард) Россиядагы гастролдук турун Москвадагы концерттик шоусу менен баштады.

Трэмар Диллард Москвага жеке учак менен учуп келген. Бул анын Россиядагы алгачкы туру болуп калды. Аэропорттон рэперди элдик ансамбль, аюу жана икра менен тосуп алышкан.

Шоу башталганга чейин ал өзүн фотограф катары көрсөтүп, залдагы күйөрмандардын арасына аралашып кетүүгө аракет кылган. Рэперди дароо эле тааный алышкан эмес.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, концерттин алдында 46 жаштагы артист парик кийип, фотографтын кейпин кийип, фанаттардын арасына түшкөн. Ал кээ бир күйөрмандарына өзүн тааныштырган, бирок рэперге ишенишкен эмес. «Абдан күлкүлүү экен», — деп жооп беришкен Диллардга эл арасынан. Андан кийин артист паригин чечкен.

Scroll to Top