Баткенде милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Баткенде милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Баткендин Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай райондук милициясынын капитаны Б.У.М. жол кырсыгынын фактысы боюнча ишти токтотуу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө опузалап акча талап кылган. 12-октябрда милиция кызматкери мурда алган акча каражатын кайра кайтарып берүү учурунда кармалган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту («Пара алуу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат,

Кармалган милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>