Силердин импичмент жарыялоо укугуңар бар. Экс-спикер Матубраимов депутаттарга кайрылды — видео

Силердин импичмент жарыялоо укугуңар бар. Экс-спикер Матубраимов депутаттарга кайрылды — видео

Бүгүн, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мамлекеттик жана коомдук ишмер, экс-спикер Алмамбет Матубраимовду 70 жылдык маарекеси менен куттукташты.

Иш-чарага парламенттин мурдагы төрагалары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Алгач Алмамбет Матубраимовдун өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү.

Жыйында мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, Легендарлуу парламенттин Төрагасы Медеткан Шеримкулов, академик Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын Төрагасы, депутат Адахан Мадумаров куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Депутаттар алдында сүйлөп жатып Алмамбет Матубраимов, бийликти конструктивдүү иштөөгө чакырды.

«Бир жолу парламенттин III чакырылышынын жыйынында мен үч бийлик бутагы бири-биринен көз карандысыз, тандоо форматында иштеши керек деп айткам. Биздин өлкөдө ар бир бөлүм, ар бир тармак өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Мен бардык президенттер менен иштештим. Тогуз жылда Конституция өзгөрдү, азыр силерде эң мыкты ыйгарым укуктар бар. Эгерде мамлекет башчысы, аткаруу бийлиги мыйзамдарды, Конституцияны аткарбаса, импичмент жарыялоого укугуңар бар. Мурдагы чакырылыштарда депутаттарда мындай укук жок болчу.

Бирок азыр парламент, аткаруу бийлиги, сот бийлиги бир деңгээлде. Парламентте сүйлөп, элге таанылышың керек, бирок ошондой эле чечим кабыл алышы дагы зарыл. Бири-бирибизди жек көрсөк, бул тышкы душмандарга гана пайдасын тийгизет. Мүмкүн болушунча ички карама-каршылыктарды жашыруу керек», — деди парламенттин экс-спикери.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>