Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды — сүрөт

Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды — сүрөт

1-ноябрь Баткен шаарында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 97 жылдык мааракеси белгиленди. Аталган иш-чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, Ички иштер органдарынын ардагерлери, ошондой эле облустук мамлекеттик мекеме уюмдардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарада Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп,  Кыргыз милициясынын өнүгүүсүнө салым кошкон Баткен ОИИБдин кызматкерлеринин мекен үчүн кошкон салымы жана  орду бийик экендигин баса белгиледи. Өзгөчө чек ара окуяларында өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, Кыргыз мамлекетинин  коопсуздукту бийик тутуп сактагандыгын айтып өттү.

Ошондой эле алардын эл кызматындагы түйшүктүү жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалап өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкондугу үчүн бир катар кызматкерлерди  “Баткен облусуна 20 жыл” эстелик медалы, Ардак грамота жана Алкыш барагы менен сыйлады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>