Баткенде мыйзамсыз ташылган 12 тонна мандарин кармалды

Баткенде мыйзамсыз ташылган 12 тонна мандарин кармалды

Баткенд облусунда мыйзамсыз жол менен ташылып келген 12 тоннадан ашык мандарин кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде  Лейлек районунун Ж.Э.М., А.М.Р., М.Ш.А жана М.М.Д. аттуу тургундарына таандык төрт «Мерседес Спринтер» унаасы кармалды.

Унааларды тинтүү учурунда коңшу мамлекеттен Кыргызстандын базарларына сатуу үчүн алынып келинген контрабандалык жол менен киргизилген мандариндер табылган. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болуп, жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 миллион сомдон ашык каражатты түзөт.

Коштоочу документтери жок товарларга протоколдор түзүлүп, анын базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар “Баткен” бажы терминалына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>