Баткенде Садыр Жапаровдун атын саткан талапкер пайда болду

Баткенде Садыр Жапаровдун атын саткан талапкер пайда болду

№2 Баткен шайлоо округу менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нооманжан Аркабаев Президент Садыр Жапаровдун атын сатып үгүт иштерин кылып жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге окурман айтып, видео жөнөттү.

Ал жөнөткөн видеодо, “3-чакырылышта Садыр Жапаров менен чогуу депутат болгом. 73 депутаттын ичинен Садыр Жапаров Кудайдан корккон ыймандуусу болчу. Садырды куугунтукка алганда, камалганда 8 жыл Садырдын бардык митингдерин уюштурдум, башында турдум. 5 жыл акысыз адвокат болдум. Биз акырында сиздердин дубаңыздар менен Садырды эркиндикке чыгардык. Эл каалагандай болуп Садырдын жолун Алла Таалам ачты, Президент болду. Консититуциялык кеңешмеге Садырдын указы менен мүчө болсом, июнда Садырдын коомдук жардамчысы болуп дайындалдым. Андан кийин 21-октябрда Президенттин алдындагы Антикоррупциялык кеңешменин мүчөсү болуп дайындалдым. Демек, мен Президенттин чоң ишеничине ээмин. Буга чейинкидей болуп Сиздердин жазган арыз-муңуңуздар жолдо калбайт, райондон же облустан башка жактан жок болуп кетпейт. Президенттке жеткире турчу мен боломун урматтуу туугандар. Мына ушуну унутпаңыздар!” – деген талапкер.

 

Андан тышкары талапкер “27-28-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышууда 100дөн ашык киши каза болгонун. Официалдуу түрдө 36 адам өлдү” – деп эл арасында манипуляция кылуусу канчалык деңгээлде мыйзамдуу деп окурман суроо салган.

Буга чейин Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун атын пайдаланып үгүт кылгандар үчүн жаза колдонулаарын айткан болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>