Баткенде Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолун куруу башталды

Баткенде Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолун куруу башталды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облусундагы Самаркандек-Мадиген–Даркум автожолун куруу иши башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 7-майдан тарта Маргун айылынан Даркум айылына жолду профилдөө иши башталды, андан ары Самаркандек-Даркум жолу боюнча иш жүргүзүлөт.

Самаркандек-Мадиген–Даркум автожолунун узундугу 44,1 километрди түзөт.

Белгилей кетсек, 2012-2017-жылдары бул автожолдо жол куруу иштери жүргүзүлүп, транспорт каражаттарынын жүрүүсү камсыздалган. Бирок жол куруу иштери толугу менен жыйынтыкталган эмес жана автожолдун көпчүлүк тилкеси ремонттолушу керек.

Мындан тышкары, узундугу 10,1 километрге эсептелген Кулунду-Максат-Арка (айрым жерлерде) автожолун асфальт бетон менен жабуу үчүн инерттик материалдарды даярдоо, жол битумун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча даярдык иштери башталган.

Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы №114-б буйругу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусундагы социалдык жана чарбалык багыттагы талкаланган объектилерди калыбына келтирүү үчүн  500 миллион сом бөлүнгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>