Кыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодо
Бишкекте кыз киши эки iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген
12.09.2023 | 14:16
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-сентябрда милицияга А.Б. аттуу кыз киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 31-августта Чүй проспектисиндеги соода борборлордун биринде А. аттуу чала тааныш жигит iPhone 13 Pro Max жана iPhone 12 Pro телефондорун агасына көрсөтүп келем деп алып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучуга 205 миң сомдук зыян келтирилген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы О.А. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом