Баткенде жоголгон жигиттер кайтарылды. Окуянын чоо-жайы

Баткенде жоголгон жигиттер кайтарылды. Окуянын чоо-жайы

Баткенде изделген жигиттерге тажик аскерлери түн ичинде кол салышкан. Бул тууралуу жабырлануучунун апасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлекте уурдалган 19 жаштагы Дастан Ашрапов менен Кубатбек Каныбек уулу Кулунду айыл өкмөтүнүн ооруканасында текшерүүдөн өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Уурдалгандардын бири Дастан Ашраповдун айтымында,  аларды Тажикстандын чек ара заставасынын аймагында кармашкан.

«Бизге түн ичинде кол салышты. Алардын бир нече адамдан турган коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери болчу. Футболкаларыбызды чечтирип көздөрүбүздү байлашты. Мындан улам эч нерсе көрүнгөн жок. Тажикстандын чек ара постунун аскер бөлүгүнө алып барып, бизди ошол жерден сабашты. Бошоткондон кийин ооруканага жеткириди, дем алыш күн болгонуна байланыштуу дүйшөмбү күнү келүүнү айтышты. Мен абалым жакшы эле, эң башкысы үйгө кайтып келдик», — деген Дастан Ашрапов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-апрелинде «Кулунду» чек ара бекетинин жетекчисине Лейлек районундагы Бешкент айылынын тургунунан 2002-жылы туулган А.Д. жана К.К.у. аттуу уулдары жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жаран алар Лейлек районунун Сай деген тилкеде курулуш иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>