Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында жасалма интеллект кызматы ишке кирди

20.08.2026 | 16:24
Как и где купить билеты на Всемирные игры кочевников на Иссык-Куле? — Новости Кыргызстана

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтында AIRUN жасалма интеллект жардамчысы иштеп баштады. Ал аркылуу колдонуучулар оюндардын программасы, мелдештердин өтүүчү жайлары, билеттердин баасы жана аларга жетүү жолдору тууралуу маалыматтарды кыргыз, орус жана англис тилдеринде ала алышат.

Долбоордун технологиялык өнөктөшү — Кыргызстанда иштелип чыккан AIRUN жасалма интеллект экосистемасы. Бул тутум кыргыз тилинин грамматикасын жана өзгөчөлүктөрүн таанууга негизделген.

Долбоордун алкагында чаттан тышкары санариптик AI-аватар жана кыргыз тилиндеги эмоционалдык AI-үн коштоо технологиясын түзүү пландалууда.

AIRUN компаниясынын жетекчиси Чынгыз Арзиевдин айтымында, бул долбоор дүйнөнүн Кыргызстанды көчмөндөр оюндары менен катар өзүнүн алдыңкы технологияларын түзүп, аларды ири эл аралык иш-чараларда колдоно алган өлкө катары да таанышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Жардамчыны колдонуу үчүн worldnomadgames.org сайтына кирип, баракчанын оң төмөнкү бурчундагы чат белгисин басып, суроо берүү керек.

Reporter.kg редакциясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат. Өнөктөштүктүн алкагында басылма Оюндарга даярдык көрүү жана анын өтүү жүрүшүн чагылдырат, мелдештер, маданий программалар жана башка иш-чаралар тууралуу жаңылыктарды жарыялайт, ошондой эле окурмандарга окуялар болуп жаткан жерлерден ыкчам маалыматтарды сунуштап турат.

Scroll to Top