Суудагы «Формула-1» Ысык-Көлгө зыян келтирбейт — МаматалиевКыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн малды көзөмөлдөөнүн санариптик системасы киргизилүүдөБаткенде жаңы чек ара посту ачылдыЕАЭБ жана Куба 2030-жылга чейинки стратегиялык кызматташтык планын бекитишти16 жашка чыга элек балдарга жалпы жарандык паспорт берүү тартиби жөнөкөйлөтүлдүКыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин үчилтигине кирди
Баткендеги оорукананы реконструкциялоого 12 млн сом коротулат
11.08.2020 | 17:42
Баткен шаарында 90 орундуу эски поликлиниканын оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган объектинин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Анын сметалык баасы 12 миллион 256 миң сом, жалпы аянты 1 210 чарчы метрди түзөт.
Учурда аткарылган иштер: ички иштер 100 пайызга, чатыр асбест шиферин 50 пайызга, бетон, топурак жана шыбак иштери 55 пайызга, канализация 20 пайызга, электр линиялары 15 пайызга аткарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом