Суудагы «Формула-1» Ысык-Көлгө зыян келтирбейт — Маматалиев
Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев Ысык-Көлдө суудагы «Формула-1» мелдешин өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча талкууларга комментарий берди.
Анын айтымында, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү мындай эл аралык мелдештерди өткөрүүгө кызыкдар болуп, атайын инфраструктураларды куруп жатышат.
«Формула-1 автоунаа менен дагы, суу үстүндө дагы өткөрүлөт. Көп мамлекеттер мындай мелдештерди өзүндө өткөрүүгө аракет кылат. Келечекте бизде дагы автоунаалардын Формула-1 мелдеши өтсө жаман болбойт эле», — деди Маматалиев.
Спикер буга чейин депутаттар скутерлер жана суу транспорту боюнча экологиялык нормаларды кабыл алып, эки тактылуу эски техникаларды чектеп, экологиялык жактан таза заманбап стандарттарга өтүү боюнча мыйзам кабыл алышканын белгиледи.
Ошондой эле ал суудагы «Формула-1» боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, экологдор жана эксперттер менен жыйындар өткөнүн билдирди.
Маматалиевдин айтымында, мелдеш өткөрүлөр алдында айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасири боюнча бардык экологиялык экспертизалар жүргүзүлөт.
«Университеттер жана адистер бизге бул экологияга дагы, адамдарга дагы эч кандай зыян алып келбей турганын ишенимдүү айтышты. Тескерисинче, бул туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөнү таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк болот», — деди спикер.
Ал мындай мелдештер Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө заманбап экологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатканын кошумчалады.