Баткендин Арка-2 айылындагы үйдө жарылган снаряддын сыныктарынан жаарат алган эне менен кызы ооруканада жатат, окуя боюнча милиция териштирүү иштерин баштады.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 5-январда болжол менен саат 16:20да 32 жаштагы келин (А.Н.) жана 11 жаштагы кызы короосун жыйнап жатып, эски темирлердин арасынан белгисиз затты (Чек ара кызматынын маалыматы боюнча жарылган зат снаряд болгон – ред.) тапкан. Аны алып бетонго таштаганда, ал жарылып кеткен. Натыйжада снаряддын сыныктары келиндин бетине жана кызынын бутуна тийип, алар ооруканага жеткирилген.
Жерине саперлер келип, жарылуу болгон жер тасма менен курчоого алынган.
Окуя болгон үйдөгүлөрдүн айтымында, табылган снаряд 2022-жылы сентябрда Тажикстандын кол салуусунан кийин калган болушу ыктымал. Аталган жарандардын үйү 2022-жылдагы куралдуу кагылышта аткылоодон улам күйүп кеткени маалым.
Аталган факт боюнча териштирүү жүрүүдө.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, (жарылган снаряддын сыныктарынан жараат алган) эки бейтап 5-январда саат 17:00до Кулунду жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам менен алынып келген. Дарыгерлер аларга дароо операция жасаган. Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.
Бүгүн, 6-январда тиешелүү адистердин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өтүп, эки бейтапты мындан аркы дарылоо жолдору сүйлөшүлгөн. Министрлик бейтаптар толук кандуу дарыланып жатканын билдирди.
Арка-2 айылындагы үйдө снаряд жарылып, аял менен кызы жабыркады