Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Баткендин тургундарына 4% менен ипотекага насыя берилет
16.06.2022 | 09:04
Баткен облусунун тургундарына 25 жылга чейин жылдык 4 пайыз менен ипотекалык насыялар берилет. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомунун долбоору даярдалып, ага ылайык Баткен облусунун чек ара аймактарында турак жайларды курууну каржылоого МИК 200 миллион сом бөлөт.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө курулуш үчүн төрт жер аныкталган:
– Аксай айыл өкмөтүндө экиден Бакай жана Керме Тоо участкаларында;
– Лейлекте экиден Кулунду айыл өкмөтүндө Раззаков жана Кулунду айылдарында.
«Ипотекалык насыялар ижара механизми боюнча, кийин төлөө менен берилет», – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика