Кыргызстанда банктар аралык атаандаштыктан улам депозиттин пайызы өсүүдө

Кыргызстанда банктар аралык атаандаштыктан улам депозиттин пайызы өсүүдө

Улуттук валютадагы мөөнөттүү депозиттер боюнча чендер 2021-жылы белгиленген өсүүнү улантты. Бул катаал акча-кредит саясатынын жана жогорку инфляциянын шартында калктын депозиттери үчүн банктар арасындагы атаандаштыктын күчөгөнүн көрсөтөт. Мындай маалымат Улуттук банктын отчетунда айтылат.

Белгиленгендей, 2022-жылдын март айында улуттук валютадагы мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык чен 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 0,2 пайызга жогорулап, 11,1 пайызды түзгөн.

Депозиттердин долларлашуусу 0,8 пайызга, 41,9 пайызга чейин өскөн.

«2022-жылдын январь-март айларында валюта рыногундагы туруксуз жагдайдын алкагында улуттук валютада да, чет өлкөлүк валютада да депозиттердин көлөмү кыскарган. Март айынын акырына карата улуттук валютадагы депозиттик база 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 13,8 пайызга, чет өлкө валютасында 10,9 пайызга кыскарды», — деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>