Баткендин тургуну 1 кг марихуана менен кармалды — видео

Баткендин тургуну 1 кг марихуана менен кармалды — видео

Баткен облусундагы ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында БМЖКККнын Ош шаарынын жана Ош облусунун кызматкерлери тыюу салынган заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 49 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кадамжай шаарында жайгашкан борбордук мечиттин жанынан 1973-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалган. Ал Кадамжай районунда туулган, мурда Өзбекстанда «Тыңчылык» беренеси боюнча соттолгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүүгө карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Мындан тышкары, шектүү Э.К. жашаган жери боюнча үйүн тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн 1 кг марихуана баңгизаты табылып, алынган.

Бул кылмышка тиешеси бар башка катышуучуларды аныктоо боюнча андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>