Жапаров Токаевге аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айттыAsman Airlines кытайлык COMAC C909 жана C919 үлгүсүндөгү самолетторду сатып алууну караштыруудаЖаан жаап, күн күркүрөйт: 25-сентябрга карата аба ырайынын божомолуБишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгышты
Баткенге өзгөчө кырдаал режими киргизилди
11.07.2024 | 09:31
Баткен районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кечээ Ак-Татыр айылынан 137 жаран алардын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Учурда райондо селдин кесепетин тазалоо иштери жүрүп жатат.
Лейлекте дагы сел жүрүп, Калта-Арык тилкесинде 5 турак үйдүн короосуна, Катраң-Өзгөрүш унаа жолунун 8-10-чакырым аралыгына да сел суулары келген. Бул райондо дагы бир нече жаран коопсуз жерге эвакуацияланган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом