Быйылкы ажылык сапар учурунда 13 өзбекстандык каза болду

Быйылкы ажылык сапар учурунда 13 өзбекстандык каза болду

Быйылкы ажылык сапар учурунда ысык аба ырайынан улам Өзбекстандан барган 13 зыяратчы каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын курагы 52 жаштан 74 жашка чейин, алардын алтысы аялдар.

Азырынча Өзбекстандын расмий бийлиги ажылык сапарда көз жумган өзбек жарандары боюнча эч кандай маалымат бере элек. Буга чейин жергиликтүү басылмалар Сауд Арабиясында өзбекстандык 10 зыяратчы каза болгонун кабарлашкан. Жалпысынан быйыл Өзбекстандан ажылык сапарга 15 миңден ашык жаран барган.

Сауд Арабия бийлигинин маалыматына караганда, быйылкы ажылык сапары учурунда ысык аба ырайынан улам кеминде 1 301 зыяратчы каза тапты. Алардын баарынын сөгү Меккеде жерге берилди.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон зыяратчылардын 83% каттоодон өтпөгөндөр экенин билдирген.

Быйыл Меккеге жалпысынан 1,5 миллиондон ашык киши ажылык сапарга барды. Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына ылайык, 17-июнда Меккедеги Чоң мечиттин көлөкөсүндөгү абанын температурасы 51,8 градуска чейин жеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>