Чоң-Капка өткөрмө бекетинен 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товарлар табылды

02.10.2026 | 13:01
На КПП «Чон-Капка» нашли неучтенные товары на 1,3 млн сомов — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде өлкө аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду.

Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда жүк бөлүгүнөн эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу аларга тиешелүү коштомо документтерди, анын ичинде эсеп-фактураларды, жүк кагаздарын жана товарлардын сатып алынганын тастыктаган документтерди көрсөтө алган эмес.

Текшерүүнүн жүрүшүндө уюлдук телефондор үчүн каптар, аэрозолдор, чарбалык багыттагы пластиналар, ошондой эле вулканизация тармагында иштөө үчүн керектүү буюмдар жана материалдар табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган товарлардын жалпы баасы 1,3 млн сомду түздү.

Бул факты боюнча текшерүү иштери улантылып, Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган товарларды импорттоодо төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасы 160 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, тиешелүү коштомо документтери жок товарларды аныктоо үчүн мыйзамда 300 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөө каралган.

Ошентип, мыйзам бузган адам тиешелүү салыктарды төлөөдөн тышкары, кошумча айып пул да төлөөгө тийиш.

Теги: ГНС
Scroll to Top