Аткезчилик: Чек арадан 211 миң кутудан ашык тамеки табылды

Аткезчилик: Чек арадан 211 миң кутудан ашык тамеки табылды

21 млн сомдон ашуун суммага бааланган тамекинин партиясын мыйзамсыз экспорттоо аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка караганда, «Чалдыбар-унажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражаты кармалды.

Тактап айтканда, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 24-августунда Кыргызстандан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган. Аныкталгандай, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында 211 000 куту өлчөмүндөгү тамеки буюмдары тоңдурулган тамак-аштын арасына бекитилип, тиешелүү уруксат документтери жок ташылып келген.

Маалыматтар боюнча, конфискацияланган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми төлөнүүчү салыктын суммасы 9 миллион 495 миң сомду түзгөн.

Учурда акциздик товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз каналды уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>