«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Базар-Коргондо жаңы конушка Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылды
22.10.2022 | 11:00
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Акман айыл өкмөтүнүн жаңы конушунун бирине экс-муфтияттын башчысы Чубак ажы Жалиловдун ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле айылдагы Чубак ажы атындагы мечиттин жана медресенин курулушуна капсулалар салынды.
Жаңы конушка маркум диний аалымдын ысымын ыйгаруу демилгесин жергиликтүү тургундар көтөрүшкөн.
Мечит менен медресе куруу үчүн жерди жергиликтүү айыл тургуну бөлүп берген.
Муфтият белгилегендей, курулуш Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан каржыланат. Демөөрчүлөрдүн бири фельдшердик-акушердик пункттун курулушун да каржылап берүүнү убада кылды.
- Кыргызстандык диний аалым, маркум Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси болгон. Ал Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында төрөлүп, 2020-жылдын 11-июлуна караган түнү Бишкек шаарында каза болгон.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом