Кочкордо айдоочу сүзүп кеткен жигит ооруканадан жан берди

Кочкордо айдоочу сүзүп кеткен жигит ооруканадан жан берди

20-октябрдын кечинде Кочкор айылында 1984-жылы туулган К.К.ны айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына караганда, белгисиз адамдар аны Кочкор райондук ооруканасына алып барып, ошол жерден каза болгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери адам өлүмү менен коштолгон кагылышууга шектүүлөрдү кармашты. Алар Ауди-100 унаасынын айдоочусу 1994-жылы туулган А.у.Т. менен жүргүнчүлөр 1993-жылы туулган Т.у.К., С.М. экени аныкталган.

Тергөө иштери уланууда.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: кылмыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>