Баткен: Жашыруун кызматкерлерге кезектеги үйлөр берилди

Баткен: Жашыруун кызматкерлерге кезектеги үйлөр берилди

Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-октябрь күнү Баткен шаарында Баткен облусу боюнча УКМКнын аскер кызматкерлерине капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облустук УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.

Батирдин ачкычтарын тапшыруу учурунда УКМКнын Төрагасы генераль-лейтенант К.К.Ташиев мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттары мындан ары да жакшыртылышы уланаарын баса белгиледи.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: УКМК үйлөр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>