Бажы кызматкери Алмаз Эргешов сумо боюнча өлкө чемпиону болду

Бажы кызматкери Алмаз Эргешов сумо боюнча өлкө чемпиону болду

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов сумо боюнча өлкө чемпиону болду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июнда Бишкек шаарында Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда сумо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана өспүрүмдөр арасында өлкө чемпионаты өттү. Мелдешке өлкөнүн бир катар аймактарынан 120дан ашык балбандар катышкан. 18 жашка чейинки жаш балбандар жана чоңдор күч сынашты.

Алмаз Эргешов 115 килограммдан жогорку жана абсолюттук салмактагы категорияда жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, Алмаз Эргешов Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Азия чемпионатынын эки жолку байге ээси жана спорттун бул түрү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>