Бажы кызматы аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан жалпы наркы 3 млн сомдук тамекини кармашты

Бажы кызматы аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан жалпы наркы 3 млн сомдук тамекини кармашты

Мамлекеттик бажы кызматы 2 млн 762 миң 500 сомго Milano мыйзамсыз ташып келе жаткан маркасындагы тамеки товарын кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Текшерүү учурунда 65 миң таңгак же болбосо 1 млн 300 миң бирдик тамеки товарынын тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн  кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунда А.М.Т. аттуу кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Хундай портер» үлгүсүндөгү транспорт каражатын токтотуп текшерүүгө алышкан. Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 2 762 500 сомдук акциздик маркасы жок «Milano» маркасындагы 65000 куту чыпкалуу тамеки табылган. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес», — деп жазылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>