Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бейшеналиевдин кармалышы тууралуу президентке кабарланды
29.09.2022 | 01:51
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин пара алууга шектелип кармалышы боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү жасады.
Анын айтымында, министрдин кармалышы тууралуу президентке кабарланды.
“Президент Садыр Жапаровго билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча маалымат берилди. Бул иштин ар тараптуу иликтениши камсыз кылынат”, – деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 28-сентябрда ИИМ Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) алууга байланыштуу иштин алкагында кармалганын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом