Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Министр Алмазбек Бейшеналиевдин пара менен кармалган видеосу
29.09.2022 | 08:52
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрда кечинде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министр чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы боюнча кармалган.
Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ички иштер министрлиги кошумча маалымат берет.
Алмазбек Бейшеналиев быйыл эле февраль айында министр болуп келген. Ал буга чейин 2020-2021 жылдар ортосунда алты ай Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.
Бейшеналиев билим берүү тармагында бир катар реформаларды ишке ашырууга белсенип, ага аракеттерин көрө баштаган болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар