Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча ИИМдин маалыматы

Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча ИИМдин маалыматы

Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шектелип кармалганы тууралуу расмий маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, ал чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) алууга байланыштуу иштин алкагында кармалган.

«Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, ИИМ кызматкерлери тарабынан билим берүү жана илим миристри А.Б. (Алмазбек Бейшеналиев – ред.) пара алып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Reporter.kg′ге өздүк булактары билим берүү министри пара алууга шектелип кармалганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>