Бекешев: Кумтөрдүн алтыны боюнча маселе парламентте каралышы керек

Бекешев: Кумтөрдүн алтыны боюнча маселе парламентте каралышы керек

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экинчи сессиясынын ачылышы болуп өттү. Сессиянын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жыйында депутат Шайлообек Атазов Жапаровго дайыны чыкпай жатат делген Кумтөрдүн 19 тонна алтыны тууралуу суроо узатты. Суроого жооп берип жатып Акылбек Жапаров Кумтөрдүн алтынына байланыштуу айрым маалымат агенттиктери бийлик бутактарын уруштургусу келерин билдирди.

Буга байланыштуу Reporter.kg депутат Дастан Бекешевге кайрылып, журналисттер чын эле бийлик бутактарын уруштуруу менен алектенүүдөбү деген суроо узатты. Депутат Жапаровдун сөзүнө комментарий берген жок, бирок алтын маселеси парламентте каралышы керектигин белгиледи.

«Мен бирөөнүн сөздөрүнө комментарий бербей эле коеюн. Бул маселе туура көтөрүлдү. Аны парламентте дагы караш керекпиз», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>