Бекешев ЦОНдордогу маалымкаттар өздүк наркынан кымбат сатылып жатканын айтты

13.05.2026 | 16:26

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү шартында ЦОНдордогу кагаз түрүндөгү маалымкаттар менен документтердин баасын сынга алды.

Анын айтымында, учурда айрым документтер жарандарга 1 миң сомдон ашыкка түшүүдө. Бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар өздүк наркы менен көрсөтүлүшү керек.

«Мага бир жаран кайрылды. Анын баласынын аты өзгөртүлгөндөн кийин жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк ЦОНдо берилбей калган. Себеби бланк жок экен. Бирок ага 1 миң 100 сомго “мындай күбөлүк бар” деген маалымкат беришиптир. Дагы бир жаран документтин дубликатын 1 миң сомдон ашык акчага жасатканын айтты. QR-коду бар бир барак кагаз ушунча турушу мүмкүнбү? Силерде кандай принтерлер?» — деди депутат.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дебюрократизациянын алкагында 50 жашка чейинки жарандардын көпчүлүк документтери Тундук системасы аркылуу санарип форматта жеткиликтүү экенин билдиришти. Электрондук документтер акысыз берилет жана кагаз документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.

Бирок Бекешев система иштебей калган учурда, телефон жоголсо же интернет болбосо жарандар документтерге жетүүдө көйгөйгө туш болушу мүмкүн экенин айтты.

«Телефон сынып калышы мүмкүн, жоголушу же уурдалышы мүмкүн. Андай учурда жаран документсиз калабы?» — деди ал.

Депутат парламент кагаз документтерди толугу менен жоюуну сунуштабаганын, болгону электрондук документтерди юридикалык жактан кагаз документтерге теңегенин белгиледи. Анын пикиринде, жарандар үчүн кагаз документтерди жеткиликтүү баада алуу мүмкүнчүлүгү сакталышы керек.

Scroll to Top