28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү
Кадамжай районунда айыл өкмөттүн мурдагы кызмат адамдарынын жер махинациясынын бети ачылды
13.05.2026 | 16:22
УКМК Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүндө коррупциялык схеманы аныктады. Мекеменин мурдагы жооптуу кызмат адамдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө.


Тергөөдө аныкталгандай, мурдагы аткаминерлер кызматтык абалынан жеке материалдык байуу максатында пайдаланышкан. Алар мыйзамдарды кыйгап өтүп, жер бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдерин бузуу менен айыл аймагындагы тилкелерди жарандарга берип келишкен.
Кылмыш ишинин алкагында мурдагы кызматкерлер С.М.М. жана М.Ш.М. кармалды. Соттун чечими менен аларга карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Атайын кызматтар бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштерин улантууда.