Журналист Махабат Тажибек кызы эл аралык Albies сыйлыгына көрсөтүлдү«Тынчтык корпусунун» 24 волонтеру Кыргызстанда эки жылдык кызматын баштадыБишкекте жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылышы болдуКазакстанда инвестициялар жети айда 7,7% өстү«Алтай жана анын достору»: Кыргызстанда балдар үчүн жаңы мультсериал тартылдыИИМ бишкектиктерди 30–31-август күндөрү коомдук транспортту колдонууга чакырды
Бекешев: Парковка куруу үчүн бөлүнгөн жерге көп кабаттуу үй курулган жатат
07.03.2025 | 10:03
Бишкек шаарынын 5-кичирайонунда унаа токтоочу жай курууга бөлүнгөн жерге көп кабатуу үй салынган жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн “Телеграм” каналында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, 2009-жылы 5-кичирайондогу 15 сотых жер тилке унаа токтоочу жай куруу үчүн 49 жылга ижарага берилген. Бирок 2015-жылы унаа токтотуучу жай курулбастан аталган жер тилкеге көп кабаттуу турак жайдын курулушуна уруксат берилген.
“2020-жылы ижара акысы кымбаттап, кошумча келишим түзүлгөн. 2024-жылы архитектура жер астындагы унаа токтотуучу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын долбоорун бекитип берген. Бул жерде документтер эле эмес, акча да иштеди окшойт”, – дейт Бекешев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом