«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду

21.07.2026 | 14:36
«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерге «Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы» сертификаттарын тапшырды.

«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — иллюстрация
Иш-чарага алтын сертификаттын 54 ээси, ошондой эле аймактардан ЖРТдан жогорку балл алган 20 окуучу катышты.
«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — контекст события

Министрлер кабинетинин башчысы президенттин куттуктоо кайрылуусун окуп берди.

«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — фото 4

«Урматтуу алтын сертификат ээлери, силер – Мекенибиздин жаркын үмүтүсүңөр! Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, өлкөбүздүн интеллектуалдык сыймыгы экениңерди далилдедиңер. Алтын сертификатка татыктуу болушуңар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — фото 5

Бул ийгиликтин артында узак күндөр жана уйкусуз түндөр, талыкпаган даярдык, өжөрлүк, бийик максаттарга умтулуу жана чоң мээнет турат. Бул жетишкендиктин артында ар дайым жаныңарда болуп, ар бир кадамыңар үчүн сарсанаа тартып, келечегиңердин кең болушун тилеген ата-энеңердин батасы, мээрими жана колдоосу да турат. Алардын камкордугу жана колдоосу болбосо, эң таланттуу балага да өз жолун табуу кыйынга турмак.

«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — фото 6

Өзүнүн билимин, күч-кубатын жана алтын убактысын балдарга арнап, өлкөнүн татыктуу жарандарын тарбиялоого өмүрүн берген мугалимдерибиздин да эмгеги зор. Учурдан пайдаланып, балдарыбыздын билим алышына көмөктөшүп, аларды тарбиялап жаткан педагогдорго — Кыргызстандын келечегинин чыныгы архитекторлоруна чын дилимден ыраазычылык билдирем», — деп айтылат куттуктоо сөзүндө.

«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — фото 7

Касымалиев өлкөнүн байлыгы адам капиталында — билимдүү жана таланттуу жаш жарандарда экенин, ошондуктан жаңы муундун дүйнөлүк деңгээлде татыктуу атаандашуусуна шарт түзө турган билим берүү системасын реформалоо иштери уланып жатканын баса белгиледи.

«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — фото 8

«Кайсы гана кесипти тандабагыла — медицина, космостук инженерия, заманбап архитектура, IT-технологиялар же башка кайсы гана тармак болбосун — жөн гана адис эмес, өз ишинин чыныгы чебери, жогорку деңгээлдеги профессионал жана өз тармагыңардын лидери болууга умтулгула. Муну биздин заман талап кылып жатат. Ошону менен бирге өзүңөрдүн тамырыңарды, руханий баалуулуктарды жана ата-бабаларыбыздын мурасын эстен чыгарбагыла. Араңарда жаңы Кыргызстанды куруучулар, көрүнүктүү ойчулдар жана лидерлер отурат. Ошондуктан Мекенге кызмат кылуу үчүн кыялдануудан жана алдыңарда эң бийик максаттарды коюудан коркпогула. Так ушул силердин муун дүйнөнү өзгөртүшү керек», — деди Минкаб башчысы.

Иш-чаранын катышуучуларына мамлекет башчысынын атынан эстелик белектер тапшырылды.

«Мекендин жаркын үмүтү»: ЖРТнын алтын сертификатына 54 бүтүрүүчү ээ болду — фото 9
Scroll to Top