Белгилүү фотосүрөтчү Влад Ушаков керемет сүрөттөрүн жарыялады

Белгилүү фотосүрөтчү Влад Ушаков керемет сүрөттөрүн жарыялады

Фотосүрөтчү Влад Ушаков топоздор жана аны баккан малчылар туурасында кезектеги чыгармаларын социалдык тармактагы өз баракчасына жарыялады.

Ошондой эле ал топоздордун тарых-таржымалына токтолгон.

Кыргызстандын аймагында топоздор жүз жылдан ашык убакыттан бери багылат. Бул топоздорун түрү Тибеттин топоздорундай генотипке ээ, ошондуктан алар Тянь-Шанда Тибеттен таралган деген маалымат бар. Дүйнөлүк практикада топоз бизон, бизон, мускус өгүзү сыяктуу жаныбарлар менен бир катарда каралат. Азыркы зоологиялык классификация топозду өз алдынча «Poefhagus (Urei)» тукуму жана түрү катары айырмалайт. Аларды жөн гана үй топоздору жана жапайы топоздор деп гана бөлүп коюшат.

 Негизинен Кыргызстанда топоз өлкөнүн түштүк-чыгышында жана чыгышында Нарын облусунда (Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунда) жана Ысык-Көл облусунда (Жети-Өгүз, Тоң райондорунда), Ош облусунда (Кара-Кулжа, Алай райондору), Баткен облусунда (Кадамжай, Баткен райондору) жана Жалал-Абад облусунда (Чаткал, Аксы райондору) байырлашат” – деп жазган.

Ушаков сүрөттөр Кыргызстандын кайсы аймагында тартылганын ачыктаган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>