Кыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилди
БШК: Ош, Манас шаарларында жана Өзгөн районунда айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдү
30.09.2026 | 16:24

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Ош, Манас шаарларындагы жана Өзгөн районундагы бир катар шайлоо участокторунун даректерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Шайлоо участокторунун жаңы даректери:
- № 5556 участка: Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 13 (№ 70 бала бакчанын имараты);
- № 5311 участка: Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 22а (№ 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты);
- № 5464 участка: Ош шаары, Ирригатор көчөсү, 1 (№ 70 орто мектептин имараты);
- № 5246 участка: Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, К. Мырзаев көчөсү, 40 (О. Курбанбаев атындагы орто мектептин имараты);
- № 2092 участка: Манас шаары, Токтогул көчөсү, 6 (№ 6 жалпы билим берүү мектебинин имараты);
- № 2413 участка: Манас шаары, Б. Ботобаев көчөсү, 24 (Г. Бакирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин имараты);
- № 5115 участка: Өзгөн району, Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, К. Жумалиев көчөсү, 17 (К. Раимбеков атындагы орто мектептин имараты).
БШК Ош, Манас жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочуларга участоктордун өзгөргөн жайгашкан жерлери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Эске салсак, 2027-жылдын 27-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом