Казанда 19 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталып өлгөнбү? Элчиликтин жообу

Казанда 19 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталып өлгөнбү? Элчиликтин жообу

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги айрым маалымат каражаттары тараткан Казанда кыргызстандык кыз зордукталып, өлтүрүлдү деген маалымат жалган экенин билдирди.

«Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, бир катар экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы 30 күндөн кийин белгилүү болот. Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жаранын зордуктоо фактысы жокко чыгарылды», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчилик кыздын жакындарына сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүдө көмөктөшпөгөнүн четке кагууда.

«Элчиликке бул маселе боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн жок. Өз кезегинде элчиликтин кызматкерлери каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын апасынын байланыштарын өз алдынча таап, ага жардам көрсөтүү, анын ичинде сөөктү мекенине алып келүү үчүн каражаттарды алуу тартибин түшүндүрүү менен кайрылышкан. Ошол эле учурда жаран элчиликтин жардамынан баш тартты», — деп билдирди дипломатиялык өкүлчүлүк.

30-ноябрда Казанда 19 жаштагы кыргызстандык кыз өлтүрүлгөн. Ал көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Казань

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>