Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Беш айда Ысык-Көлдөн 13,5 тонна таштанды чыгарылды (видео)
06.09.2023 | 19:45
Ысык-Көлдөн 142 күндө 13 тонна 561 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМге караштуу Суучулдар борборунун суучулдары көлдүн түбүн кезектеги тазалоону кызуу улантышууда.
Сентябрь айынын алгачкы күндөрү Чок-Тал, Тамчы, Кош-Көл айылдарында жайгашкан «Кооператор», «Учкун» мейманканасы, «Артек», «Алтын-Тамчы», «Жемчужина», «Акылман», «Байсан», «Голубая-Бухта» пансионаттарынын жана эс алуу жайларынын тушундагы көл түбүн тазалашты.
«Иш-чаранын 142-күнү көлдүн 215 108, 35 гектар аянты тазаланып, 13 тонна 561 кг ар кандай таштанды жана 98 450 метр балык уулоочу торлор чыгарылган», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар