Егерлердин маянасын 50 пайызга чейин көтөрүү сунушталды

Егерлердин маянасын 50 пайызга чейин көтөрүү сунушталды

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору депутаттар Эмиль Токтошев, Алишер Эрбаев жана Жалолидин Нурбаев тарабынан демилгеленген. Аны жыйында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды.

Мыйзам долбоору айлана-чөйрөнү коргоо мекемесинин кызматкерлеринин (егерлердин, аңчылардын, инспекторлордун) эмгек акысынын аздыгын эске алуу аркылуу айып салуудан өндүрүлгөн суммадан 30%дан 50%га чейин аларга дем берүүнүн деңгээлин жогорулатуу сунушталууда. Бул сапаттуу коргоону жүзөгө ашырууга, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин бузулушун азайтууга мүмкүндүк берет.

Талкууда депутат Айбек Осмонов айлана-чөйрөнү коргоо мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысын өндүрүлгөн суммадан 50%га чейин көтөрүү  бюджетке чыгаша алып келерин айтты. Депутат Эмил Жамгырчиев акыркы 8 айда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, аңчылык жана мергенчилик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузган адамдарга салынган айып акчанын суммасын тактап, анын ченемин жогорулатууну демилгеледи.

Ал эми, депутат Жаныбек Кыдыкбаев егерлердин, аңчылардын, инспекторлордун эмгек маянасын көтөрүүнү сунуштады.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы айрым жаныбарларга мараторий киргизүү демилгесин айткан депутат Жусупбек Коргонбай уулу бюджетке киреше түшүрүү максатында кээ бир аймактарда мергенчилик жасоого уруксат берүү  маселесин көтөрдү. Депутат Камила Талиева болсо, өлкө боюнча 35 егердин жетишсиздигин айтып, анын кесепетинен жаратылыш мыйзамдарын бузуу фактылары арбын орун алып жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоор экинчи окууда колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>