Беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгаруу менен эмне өзгөрөт?

Беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгаруу менен эмне өзгөрөт?

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 “Билим берүү мекемелериндеги жогорку кесиптик билим берүүнүн потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле, укуктук коллизияны жок кылуу жана Кыргызстандын ченемдери менен шайкештикке алып келүү болуп саналат.

Тагыраагы, аталган жарлык аркылуу беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгарылып, төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр берилүүдө:

— бюджеттик эмес каражаттарды колдонуу үчүн казыналык системадан тышкары, мамлекеттин үлүшү менен коммерциялык банктарда банктык эсепти ачуу;

— билим берүү, консультативдик, илимий-изилдөөчүлүк, басма иши, өндүрүштүк-коммерциялык жана башка мыйзамда тыюу салынбаган ишмердүүлүктөн  каражат түрүндөгү кирешени алуу жана аны жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багыттоо;

— төлөм аркылуу жүргүзүлгөн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө ж.б. өз алдынча тарифтерди түзүү жана бекитүү;

— лицензия албастан, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн ишке ашыруу;

— өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн программаларын иштеп чыгуу.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>