Өкмөт чек арадагы окуяларда жабыркагандарды колдоону күчөтөт

Өкмөт чек арадагы окуяларда жабыркагандарды колдоону күчөтөт

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карады.

Биринчи окууда мыйзам долбоорлорун Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев алып чыкты.

Алсак, мыйзам долбоорлору 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталган.

Ошондой эле 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана 2010-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстандын аймагында болгон окуянын жабырлануучулары да камтылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>