Белгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндүОш, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулатКыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышатКыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулат
Беш жылда өтө жакырчылыкта жашаган балдардын саны 8% өстү
01.12.2022 | 00:14
Беш жыл мурда 2017-жылы Кыргызстанда жашы жете электердин 32%ы (0-17 жаш) жакырчылыктын чегинде жашаган. Ал эми бул көрсөткүч 2021-жылдын аягына карата 40%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Ошол эле учурда, 2018- 2019-жылдары жакырчылыктын чегинде жашаган балдардын саны азайган. Ага ылайык, көрсөткүч 2018-жылы 28,3%ды түзсө, 2019-жылы 25,7% түзгөн. Жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган балдардын саны 2020-жылы пандемияда кайра өсө баштап, 31,8ды түздү.
Жакырчылыктын көбүрөөк өсүшү 14-28 жаштагы жаштар арасында байкалууда. Беш жылдын ичинде көрсөткүчтөр 22,9%дан 31,2%га чейин өстү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдан 2021-жылга чейин жалпы жакырчылык деңгээли 7,7%га, 25,6%дан 33,3%га өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом