«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Беш жылдык эмгек стажы болбогондор пенсияга чыга албайт, жөлөкпул алышат
06.11.2024 | 15:34
Беш жылдык минималдык эмгек стажы болбогон жарандар пенсияга чыга албайт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Социалдык фонддон билдиришти.
Социалдык фонддон белгилешкендей, мурда өлкөдө аялдардын минималдык стажы 20 жыл, эркектердики 25 жыл болгон. Жаңы мыйзам боюнча ал 5 жылга чейин түшүрүлдү. Ошол эле учурда 5 жылдык стажы болбогондор пенсияга чыга албайт деген норма киргизилди. Эми Социалдык фондго акча төкпөгөн жана эмгек стажы 5 жылга жетпеген жарандар пенсия эмес жөлөкпул алып калат.
Ошол эле учурда Социалдык фонд жарандардын жогорку билим алган жылдары, эркектердин аскерде кызмат өтөгөн мезгили эмгек стажга кошулуп эсептеле турганын билдиришти.
Белгилей кетсек, минималдуу эмгек стажы бара-бара көтөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом